> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандын 3 шаары конкурста жеңүүчү болду
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/12/kyrghyzstandyn-3-shaary-konkursa-zhienuuchu-boldu/
- Published: 2025-11-12T09:20:47.000Z
- Updated: 2025-11-12T09:21:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Жума башында Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырганын Маданият, жаштар саясаты жана спорт министрлиги билдирди.** 

Министрлик билдиргендей, аталган конкурс эки жылда бир облустук жана райондук маанидеги шаар мэрияларынын ортосунда өткөрүлөт. 

> Бул жолу 1-орунду – Жалал-Абад облусунун Манас шаары утуп, Кыргызстандын жаштар шаары” титулу менен сыйланды. Ошондой эле шаар 3 млн сом акчалай сыйлык алды. 

> 2-орунга – Нарын облусунун Нарын шаары татыктуу деп табылып, “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” титулу жана 2 млн сом менен сыйланды. 

> 3-орунга – Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары татыктуу болуп, ал дагы “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” титулу жана 1 млн сом менен сыйланды.