> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өсүмдүктөрдүн коопсуздугу үчүн 10 айда 40 миңден ашык  экспертиза жүргүзүлгөн
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/13/osumduktordun-koopsuzdughu-uchun-10-aida-40-mindien-ashyk-ekspiertiza-zhurghuzulghon/
- Published: 2025-11-13T04:12:46.000Z
- Updated: 2025-11-13T04:12:46.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар тарабынан 40 267 экспертиза жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, карантиндик текшерүү жана анализ жүргүзүү үчүн лабораторияларга жалпысынан 18 703 даана үлгү тапшырылган. Алардын ичинен:

> Импорттук продукциялардан – 7 820 үлгү;

> Экспорттук продукциялардан – 5 954 үлгү;

> Изилдөө иштеринен – 1 248 үлгү;

> Жарандардын кайрылуулары боюнча – 525 үлгү;

> Феромон тузактарынан алынган – 3 105 үлгү.

Жыйынтыгында жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында 16 түр карантиндик зыяндуу организмдер аныкталды.

Өсүмдүктөрдүн карантини — бул өсүмдүктөрдү жана айыл чарба продукцияларын ар түрдүү зыяндуу курт-кумурскалардан жана оорулардан коргоо максатында жүргүзүлүүчү көзөмөл чаралары. Бул иш-чаралар зыяндуу организмдердин өлкө аймагына кирүүсүн жана жайылышын алдын алууга багытталган.

Министрлик белгилегендей, өсүмдүктөрдүн карантиндик коопсуздугун камсыздоо иштери мындан ары да улантылат.