> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тынчтык мыйзамы сакталбаса, жергиликтүү бийлик жооп берет
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/13/tynchtyk-myizamy-saktalbasa-zhierghiliktuu-biilik-zhoop-bieriet/
- Published: 2025-11-13T11:16:38.000Z
- Updated: 2025-11-13T11:16:38.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Мындан ары кафе-ресторандарда, оюн-зоок борборлору жана түнкү клубдарда саат 22:00дөн кийин иш токтошу керек. Мында пикирин УКМКнын төрагасы **Камчыбек Ташиев** билдирди.

 Анын айтымында кайсы жерде мыйзам сакталбай турган болсо, ага **акимдер, губернатор, мэрлер жана жергиликтүү бийлик органдары жооп беришет**. “Тынчтык жөнүндө” мыйзамга ылайык, тойканалар, оюн-зоок борборлору **саат 22:00дө ишин токтотуп, таңкы саат 07:00гө чейин** элге тынчтык берилиши милдеттендирилген. Бирок бул талап аткарылбай жатат.

> *"Жакында эле кесиптешибиздин тоюна барып калдым. Алардын тою түнкү саат 00:00гө чейин уланды, эч ким унчуккан жок. Андан кийин жакында Жалал-Абадда туугандарыбыздын тою дагы түнкү саат 23:00гө чейин уланды. Демек, жер-жерлерде *Тынчтык мыйзамы аткарылбай жатат.** Эми эгер кимдир бирөө мыйзамга баш ийбесе, губернатор, аким, мэр жана жергиликтүү бийлик органдары жооп берет*",* — деди Ташиев.