> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 150 орундуу мектеп салынып жатат
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/13/ysyk-koldo-150-orunduu-miektiep-salynyp-zhatat/
- Published: 2025-11-13T04:36:16.000Z
- Updated: 2025-11-13T04:36:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ысык-Көл районуна караштуу Өрүктү айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, наркы 89 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка караганда, курулуш иштери учурда 85%га жакын бүткөрүлдү. Башкы долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу окуу корпусунан жана заманбап спорт залынан турат. Объекттин жалпы аянты 1280 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, Өрүктү айылындагы эски мектеп имараты 1954-жылы курулуп, кийин 1985-жылы экинчи корпусу кошулган. Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин айылдагы окуучулар заманбап шартта билим алууга мүмкүнчүлүк алышат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-9.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/4-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/5-2.jpeg)