> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбор калаада №66 жаңы электробус каттамы ишке кирет
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/14/borbor-kalaada-66-zhany-eliektrobus-kattamy-ishkie-kiriet/
- Published: 2025-11-14T12:15:22.000Z
- Updated: 2025-11-14T12:15:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Транспорт

**15-ноябрдан тарта борбор калаада №66 жаңы электробус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.** 

> Эми Көлмө конушунан 8-кичирайонго чейин ыңгайлуу, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза электробустар каттай баштайт.

Маршруттун багыты: Көлмө конушу — Мидин көчөсү — М.Ганди көчөсү - Жаш Гвардия бульвары — Чүй проспектиси - Бейшеналиева көчөсү - Киев көчөсү — Байтик Баатыр проспектиси — Токомбаев проспектиси ал эми акыркы аялдама 8-кичирайон.  
  
Электробустар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана USB кубаттагычтар менен жабдылган.  
  
"Урматтуу шаар тургундары, коомдук транспортту таза пайдаланууга жана кубаттагычтарды сактоо менен колдонууга чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.