> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тийиштүү уруксат кагаздары жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан ишкер кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/18/tiiishtuu-uruksat-kaghazdary-zhok-chiet-olko-zharandaryn-ishkie-tartkan-ishkier-karmaldy/
- Published: 2025-11-18T07:30:45.000Z
- Updated: 2025-11-18T07:30:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Адамдын ден соолугуна коркунуч келтирген тамак-аш продукциясын өндүргөндүгү үчүн УКМК тарабынан **«КАВиКЕВ» ишканасынын башчысы**, КР жараны А.В.К. кармалды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/-------1.webp)

> *УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, аталган мекемеде м*ыйзам бузуу фактылары* аныкталып, кылмыш иши козголгон. Ишкана жетекчиси тамак-аш продукциясын даярдоо үчүн эч кандай тиешелүү уруксат берүүчү, *медициналык жана миграциялык документтери жок*, чет өлкө жарандарын ишке тарткан. Алар *антисанитардык шарттарда* өлкөнүн калкы үчүн тамак-аш азыктарын даярдоо менен алектенишкен. Мындан тышкары, *жарактуу мөөнөтү чындыкка дал келбеген* мөөнөттү продукцияларга чаптоо фактылары аныкталган.*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/---------3.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/-------2.webp)

Ушуга байланыштуу, кече, 17-ноябрында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, документтерди жасалмалоо, керектөөчүлөр үчүн коркунуч түзүү боюнча кылмышка шектелип А.В.К. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү иш-чаралар уланууда.