> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусуна JICAнын колдоосу менен жаңы долбоорлор ишке киргизилет
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/19/osh-oblusuna-jicanyn-koldoosu-mienien-zhany-dolboorlor-ishkie-kirghiziliet/
- Published: 2025-11-19T08:45:10.000Z
- Updated: 2025-11-19T08:45:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Котаро Нишигата менен жолукту. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан билдиришти.**

> Жолугушууда JICAнын Ош облусунда ишке ашырып жаткан "Спутниктик маалыматтар жана химиялык заттардын регионалдык ташылышын моделдөө" долбоорунун алкагында абанын сапатын баалоо системасын иштеп чыгуу максатында ОшМУда илимий борбор ачуу пландалып жатканы белгиленди.

Ошондой эле тараптар Ош облустук клиникалык ооруканасы жана облустук онкологиялык борбор үчүн медициналык жабдууларды гранттык негизде камсыз кылуу, Ош эл аралык аэропортунда аэронавигация үчүн жаңы мунара куруу боюнча иштерди талкуулашты.

Элчибек Жантаев Япония өкмөтүнө жана JICAга Кыргызстанда билим берүү, мамлекеттик кызматкерлерди окутуу, "Бир айыл – бир продукт" программасы, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, тоо-кен жана кайра иштетүү тармактары, ошондой эле маданият, искусство жана археология багытындагы демилгелерди колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал мындан тышкары, аталган долбоорлордун Ош облусунун өнүгүшүнө, инфраструктуранын жаңылануусуна жана жергиликтүү тургундардын жашоо деңгээлин жогорулатууга олуттуу салым кошоорун белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3-4.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/1-4.webp)