> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ири алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/20/iri-aldamchylykka-shiektielghien-zharandar-karmaldy/
- Published: 2025-11-20T05:56:29.000Z
- Updated: 2025-11-20T05:57:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Ички иштер министрлиги алдамчылыкка шектелген жарандарды колго түшурдү. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жаран Д.М. арыз менен кайрылып, алдоо жолу менен анын ири өлчөмдөгү акча каражатын **(5 500 000 сомун) ээлеп алган** белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

> Текшерүү учурунда белгисиз адамдар арыз ээсине телефон чалып, өздөрүн Бишкек шаарынын вице-мэри катары тааныштырып, андан соң **“мэриянын кызматкери” делген** адам менен байланышууну сунушташканы аныкталган.

> Кийинчерээк, кайрадан телефон чалуу учурунда, кылмышкерлер өздөрүн **УКМК кызматкерлери катары тааныштырып**, жаранды адаштырып, анын банктык эсебинде турган акча каражаты террордук топту каржылоого которулганын билдиришкен. Каражаттардын сакталышын камсыздоо зарылдыгын айтып, алар арыз ээсин көрсөтүлгөн сумманы **“коопсуз эсепке”** деп аталган эсепке которууга көндүрүшкөн, андан кийин байланышты токтотушкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде (Алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. 

ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында,   **2001-жылы туулган М.Б., 2004-жылы туулган А.у.И. жана А.у.Н. кармалды.** Шектүүлөргө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды. **Тергөө иштери уланууда.**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/WhatsApp_Image_2025-11-20_at_08.03.06.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/WhatsApp_Image_2025-11-20_at_08.03.05.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/WhatsApp_Image_2025-11-20_at_08.03.04.jpeg)