> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто жашылдандыруу мекемесинин жаңы имараты пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/20/oshto-zhashyldandyruu-miekiemiesinin-zhany-imaraty-paidalanuugha-bierildi/
- Published: 2025-11-20T11:32:28.000Z
- Updated: 2025-11-20T11:32:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жаңы имараты расмий ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдирди.** 

> Жаңы курулган имараттын жалпы аянты 7 304 чарчы метрди түзөт. Анда административдик бөлүм, чарбалык жай, суу кампасы, ашкана, кампа, унаа жуучу жай, жуунучу жай, унаа токтотуучу жай жана башка заманбап шарттар каралган.

Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган. Кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртуу планы токтобойт: алдыда аз пайыздык батирлер жана айлык акыларын жогорулатуу каралууда.

> Иш-чарага катышкан калаа башчысы Жеңишбек Токторбаев муниципалдык ишкананын жетекчисине кызматтык унаа тапшырды. Мэр жыл башында имараттын абалын көрүп, аны жаңыдан куруу тапшырмасын берген.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/1-5.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-2.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3-5.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/4-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/5-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/6-2.webp)