> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 218,5 миң даана жоогазын отургузулууда
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/22/bishkiektie-218-5-min-daana-zhooghazyn-oturghuzuluuda/
- Published: 2025-11-22T07:26:13.000Z
- Updated: 2025-11-22T07:26:13.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**"Бишкекзеленстрой" муниципалдык ишкана күзгү гүл отургузуу иштерин баштады. Мэриянын маалыматына караганда, 2026-жылдын жазында борборду 218,5 миң даана жоогазын кооздойт.**

Гүлдүн луковицалары жылуу мезгил келгенде жакшы гүлдөшү үчүн күзүндө алдын ала отургузулуп жатат. Агрономдор кызыл, кызгылт, ак, сары жана кочкул кызгылт өңдөгү түрлөрдү отургузууда. Мындан тышкары, 2 миң дана жаңы декоративдик сорттор да пландаштырылган.

Гүлдөр төмөнкү негизги аймактарга жайгаштырылууда:

- борбордук көчөлөр жана аянттар;
- айланма жолдордун кесилиштери;
- парктар жана скверлер.

> Адистер агротехникалык талаптарды сактап иштеп жатышат. Максат — жазында шаарда көрктүү жана бирдиктүү гүл көрүнүшүн түзүү. "Бишкекзеленстрой" шаар тургундарын жашыл аймактарды коргоого чакырып, гүлдөрдүн пиязчаларын казбоону, гүлзарларды тебелебөөнү өтүндү.