> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө KOICA гранты менен дыйкандарга агропроцессинг борбору курулат
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/22/chuido-koica-ghranty-mienien-dyikandargha-aghroprotsiessingh-borboru-kurulat/
- Published: 2025-11-22T08:35:42.000Z
- Updated: 2025-11-22T08:35:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун "Кыргыз Агрохолдинг" ААКсы, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү жана KOICA делегациясы Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында курула турган агропроцессинг борбору боюнча гранттык долбоордун жүрүшүн талкуулашты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Делегацияны KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары жетектеди.

> Маалыматка ылайык, долбоор айыл чарба продукциясынын кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүнү, дыйкандардын кирешесин арттырууну жана аймактын экспорттук потенциалын жогорулатууну көздөйт. Объект KOICAнын гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланып, жалпы бюджети 5-6 млн АКШ долларын түзөт.

Жолугушууда жер тилкесин бөлүп берүү, техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо жана иш графигин тактоо сыяктуу маанилүү маселелер каралды. Тараптар долбоордун Чүй облусу үчүн социалдык-экономикалык маанисин белгилешти. KOICAнын өкүлү агропроцессинг борбору айыл чарба тармагы үчүн үлгүлүү объект болоруна ишенимин билдирди.

Жыйынтыгында катышуучулар долбоорду убагында жана ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн биргелешкен иштерди күчөтүүгө макул болушту.