> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын шаарындагы дене тарбия борбору 33 млн сомго толук оңдоодон өттү
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/22/naryn-shaaryndaghy-dienie-tarbiia-borboru-33-mln-somgho-toluk-ondoodon-ottu/
- Published: 2025-11-22T11:00:00.000Z
- Updated: 2025-11-22T10:18:59.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн Нарын шаарынын И.Асанов атындагы ден соолукту чыңдоочу дене тарбия спорт борбору толук капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап шарттары менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

Иш-чарага Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Саттаров, Нарын шаарынын мэри Жайнак Немат уулу, Нарын шаардык Кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

> Борборду оңдоп-түзөө иштери республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы 33 млн сом жумшалды.

Мындан сырткары ден соолукту чыңдоо борборуна караштуу жерге спортко тийиштүү шарттарды түзүү, жакшыртуу долбоору да кошумча аткарылды, - деп айтылат маалыматта. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/4.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/5.jpg)