> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министрлиги QR-код аркылуу кайрылуу системасын ишке киргизди
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/23/aiyl-charba-ministrlighi-qr-kod-arkyluu-kairyluu-sistiemasyn-ishkie-kirghizdi/
- Published: 2025-11-23T08:25:54.000Z
- Updated: 2025-11-23T08:25:54.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандардын кайрылууларын тез кабыл алуу жана натыйжалуу тескөө максатында жаңы онлайн инструмент – QR-код аркылуу кайрылуу системасын иштеп чыкты. Бул тууралуу Айыл чарба** **министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.** 

> Эми ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлеп, өз сунушун же пикирин тез жана ыңгайлуу форматта калтыра алат.

Мындан тышкары, министрликтин имаратынын 1-кабатында коомдук кабылдама үзгүлтүксүз иш алып барат. Жарандар кайрылууларын жеринде калтыра алышат. Кошумча маалымат алуу үчүн 0222 77 77 44 номери аркылуу байланышка чыгууга болот.

> Министрликтин маалыматына караганда, жаңы система эл менен түз жана ачык байланыштын бекемделишине өбөлгө түзөт.