> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте концерттик программа менен коштолгон жарманке уюштурулат
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/23/bishkiektie-kontsierttik-proghramma-mienien-koshtolghon-zharmankie-uiushturulat/
- Published: 2025-11-23T03:08:36.000Z
- Updated: 2025-11-23T03:08:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин демилгеси менен **арзан баадагы ири жарманке** өтүп жатат. Иш-чара Т. Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде, Эркиндик бульвары боюнча (Биринчи Май району) уюштурулууда.

Жарманкеде жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба продукциялары, тамак-аш, кийим-кече жана күнүмдүк товарлар базар баасынан төмөн сунушталууда. Тандоонун көптүгү жана жеткиликтүү баалар шаар тургундарынын жогорку кызыгуусун жаратууда.

> Бүгүн жарманке концерттик программа менен коштолоору күтүлүүдө. Ага белгилүү **“Кызыл гвоздика” элдик ансамбли** катышып, аскердик-патриоттук жана улуттук чыгармаларды аткарышат. Ансамблдин программасы жарманкенин маанайын көтөрүп, конокторго маданий атмосфера тартуулайт.