> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Э.Чечейбаев: Кыргызстандыктар дарыга өтө көп каражат коротууда
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/23/e-chiechieibaiev-kyrghyzstandyktar-darygha-oto-kop-karazhat-korotuuda/
- Published: 2025-11-23T08:16:46.000Z
- Updated: 2025-11-23T08:16:46.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстандыктар дарыга өтө көп каражат коротушат, ошондуктан дарыканалардын санын кыскартуу зарыл. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев “Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.** 

Министрдин айтуусунда, он жыл мурун жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы бүгүн да өзгөрүүсүз бойдон калган. Мамлекет саламаттык сактоого канча каражат бөлсө, жарандар дагы ошол деңгээлде дары-дармекке акча коротууда.

Чечейбаевдин айтымында, дары менен камсыздоо толугу менен жеке сектордун колунда болгондуктан, рыноктун негизги максаты — киреше табуу.

> *“Аптекалар канчалык көп болсо, сатуу ошончолук көп болот. Демек, адамдар да көбүрөөк дары ичишет. Муну токтотушубуз керек. Дарыканалардын санын азайтып, дарыларды жарнамалоого тыюу салууга тийишпиз”*, — деди министр.

Ал дары-дармектердин активдүү жарнамасы элди дарыгерге кайрылбай эле өз алдынча дарыланууга түртүп жатканын белгиледи. Айрыкча антибиотиктерди көзөмөлсүз колдонуу коркунучтуу экени эскертилди.

> *“Антибиотик — күчтүү дары. Аны зарыл учур болбосо ичүү туура эмес. Дарыгер гана диагноз коюп, рецепт жазышы керек”*, — деди ал.

Министр азыр сасык тумоо күчөп жатканын белгилеп, сасык тумоодо антибиотик ичүү туура эместигин баса белгиледи.