> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекке жаңы автобустардын экинчи партиясы келди
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/24/bishkiekkie-zhany-avtobustardyn-ekinchi-partiiasy-kieldi/
- Published: 2025-11-24T07:40:55.000Z
- Updated: 2025-11-24T07:40:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Транспорт

**Бүгүн ЕРӨБдин “Жашыл шаар” долбоорунун алкагында Бишкек шаарына жаңы автобустардын экинчи партиясы келип жетти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.** 

> Аталган долбоордун алкагында жалпысынан 95 автобус алынып жатат. Буга чейин 20 даана автобус келген болсо, бүгүн кошумча 8 даана жеткирилди. Жалпы эсеп менен азыр Бишкек шаарына 28 даана жаңы автобус келип жетти.

Калган автобустар жакынкы аралыкта шаарга жеткирилет деп айтылат маалыматта.