> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 8136 бош жумуш оруну бар, жумушсуздук деңгээли 1,4%ды түзөт
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/24/kyrghyzstanda-8136-bosh-zhumush-orunu-bar-zhumushsuzduk-diengheeli-1-4-tuzot/
- Published: 2025-11-24T09:47:04.000Z
- Updated: 2025-11-24T10:05:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, ушул жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстанда 8136 бош жумуш орундары бар. Эң жогорку суроо-талап жумушчу адистиктерге багытталууда.** 

> Учурда республикадагы расмий жумушсуздук деңгээли 1,4% түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында эсепте турган жумушсуздардын саны 59,6 миң адамды түзсө, алардын ичинен 40,9 миңи расмий түрдө жумушсуз катары катталган. Жыл башынан бери иш менен камсыз кылуу кызматтарына 117 211 жаран кайрылган.

Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын көмөгү менен 13 274 адам жумушка орноштурулду.

Эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча жумушсуздардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында окуулар уюштурулду. Алар: компьютердик оператор, соода агенти, ашпозчу, косметолог, чачтарач, тырмак тазалоочу, укалоочу, визажист, котормочу, 1С программасы боюнча тажрыйбалуу бухгалтер, тигүүчү, электрогаз ширетүүчү, сантехник-слесарь