> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түптүн Көөчү айылында заманбап эки кабаттуу мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/25/tuptun-koochu-aiylynda-zamanbap-eki-kabattuu-miektiep-kuruluuda/
- Published: 2025-11-25T06:15:27.000Z
- Updated: 2025-11-25T06:15:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Көөчү айылынын Осмонов көчөсү 86 дарегинде эки кабаттуу жаңы мектеп курулуп жатат. Жалпы аянты 1351,74 чарчы метр.** 

> Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, эки кабаттуу мектепте окуучулар жана окутуучулар үчүн бардык заманбап шарттар каралып, республикалык бюджеттен каржыланууда. 

Курулуш иштери 2025-жылдын сентябрь айында башталып, Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылып жатат. Жаңы мектепти 2026-жылдын жай айына чейин бүткөрүү пландалууда. 

> Учурда жаңы мектептин бүткөрүлүшүн күткөн 500гө жакын окуучу 15 жыл мурда курулуп, жер титирөөдөн улам кооптуу абалга кептелип калган эски мектепте билим алууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/1-67.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-59.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3-50.jpeg)