> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Түптөгү мектеп 47 жылдан кийин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/26/tuptoghu-miektiep-47-zhyldan-kiiin-kapitaldyk-ondop-tuzoodon-otuudo/
- Published: 2025-11-26T12:33:17.000Z
- Updated: 2025-11-26T12:33:16.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылындагы В. Кайкин атындагы орто мектеп 1978-жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.**

Бүгүнкү күндө мектептин ичиндеги оңдоо иштер бүткөрүлүп, жууп-тазалоо этабына жетти. Мындан тышкары, сырткы футбол талаасы толук жаңыланып, мектептин аймагы көрктөндүрүлүүдө. Жаңы баскетбол жана волейбол талаалары да салынды.

> Курулуш иштерин Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы аткарып жатат. Капиталдык оңдоо иштерин 2025-жылдын аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.

Белгилей кетсек, мектеп 1978-жылы пайдаланууга берилгенден бери косметикалык оңдоп-түзөө гана жүргүзүлгөн, ал эми 2025-жылдын июнь айында республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык оңдоо иштери башталган.