> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Кулжада 150 млн сомго коомдук-маданий борбор курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/28/kara-kulzhada-150-mln-somgho-koomduk-madanii-borbor-kurulup-zhatat/
- Published: 2025-11-28T03:19:21.000Z
- Updated: 2025-11-28T03:19:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы коомдук маданий борбордун курулушу кызуу жүрүп жатат. Каржылоо КРнын Турукташтыруу фондунан жүргүзүлүп, 150 млн сом каралган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.** 

Курулуш иштери 2025-жылдын 7-июлунда башталып, учурда ички жасалгалоо, фасаддын сыртындагы жана аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аймактын жалпы аянты – 3986,97 чарчы метр. 

> Долбоорго ылайык, 3 кабаттан турган имаратта (кошумча жертөлөсү бар) кинотеатр, машыгуу залы, тейлөөчү уюмдар, банк филиалдары, конференц-зал жана башка бөлмөлөр жайгашат. Ошондой эле автоунаа токтотуучу жай да каралган.

Долбоордун ишке ашырылышы аймактагы инфратүзүмдү жана мамлекет менен жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга өбөлгө түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/2-73.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3-65.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/4-55.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/5-33.jpeg)