> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү завод ишке киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/29/bishkiektieghi-tashtandylardy-kaira-ishtietuuchu-zavod-ishkie-kirghizildi/
- Published: 2025-11-29T05:37:51.000Z
- Updated: 2025-11-29T07:57:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы [Дайырбек Орунбеков ](https://www.facebook.com/reel/25550247741268416)Бишкектеги таштанды заводу ишке киргизилгенин өзүнүн баракчасы аркылуу жарыялады.

> *Анын айтымында Бишкекте курулуп бүткөн таштандыларды кайра иштетүүчү завод таштандыларды өрттөп жок кылуу аркылуу 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрөт. Учурда процесс башталып, өндүрүлгөн электр энергиясы электр тармактарына кошулду. Азырынча жаңы кошулуп 3,5 МВт берип жатат, ал толук кандуу ишке киргенден кийин 30 МВт кубаттуулукта электр энергиясын берип, электр тармактары аркылуу элге кызмат кылат.*

Анын айтымында 50 жылдан ашык түтөп жаткан таштанды полигонунан кутулдук деп айтсак болот. Бишкекте 1 суткада 1000 тоннага жакын мусор чогулса, бул завод суткасына 1200 тонна мусорду жок кылуу кубаттуулукка ээ. Завод түтөбөйт, бир аз гана буу чыгат ал дагы жок болуп кетет. Экологияга зыяны жок, эн акыркы заманбап ыкмалар колдонулуп курулган.