> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Саат 18:00го карата 1 млн 330 миң шайлоочу добуш берди
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/30/saat-18-00gho-karata-1-mln-330-min-shailoochu-dobush-bierdi/
- Published: 2025-11-30T12:23:40.000Z
- Updated: 2025-11-30T12:23:40.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Жалпысынан шайлоо процесси өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде уюштурулган тилкелерде тынч жана уюшкандыкта жүрүп жатат.

> Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, саат 18:00гө карата шайлоочулардын 30,99 пайызы добуш берүүгө катышты. Тагыраагы, 1 млн 330 миң шайлоочу жарандык милдетин аткарып, добуш берүүгө катышкан.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 30 көп мандаттуу округ боюнча 460 кандидат ат салышууда. Алардын 271и - эркек, 189у - аял талапкерлер.

Кыргызстанда добуш берүү кечки саат 20:00дө жыйынтыкталмакчы.