> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Т. Шайназаров: Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу аралыктан добуш берүү системасы колдонулууда
- URL: https://im.kg/koom/2025/11/30/t-shainazarov-kyrghyzstandyn-tarykhta-birinchi-zholu-aralyktan-dobush-bieruu-sistiemasy-koldonuluuda/
- Published: 2025-11-30T03:38:14.000Z
- Updated: 2025-11-30T12:49:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров өлкө боюнча добуш берүү башталгандыгына байланыштуу УТРКнын түз эфиринде брифингде сүйлөдү. Ал республика боюнча жалпы 2 492 шайлоо участогу, ошондой эле 27 аралыктан добуш берүү участкасы жана чет өлкөдөгү 100 шайлоо участогу өз ишин баштаганын эске салды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/photo_2025-11-11_20-01-44-1.jpg)

> *«Биздин өлкө тарыхында биринчи жолу алдын ала арыз бербестен добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берген аралыктан добуш берүү системасы колдонулууда»,* \- деп белгиледи КР БШК төрагасы Т. Шайназаров.

 Бүгүн негизги участоктор менен бирге эл көп топтолгон жана убактылуу жүргөн жерлерде - ири базарларда, соода борборлорунда, медициналык мекемелерде, ошондой эле алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда, анын ичинде Кумтөр, Кара-Кече, Жерүй, Бозымчак жана башка объектилерде жайгашкан 27 аралыктан добуш берүү участкасы да ишин баштады.

> Т. Шайназаров белгилегендей, мындай ыкма жолдо, жумушта, дарыланууда же кызмат өтөп жүргөн шайлоочуларга добуш берүүгө катышуу укугун пайдаланууга шарт түзөт. Бул шайлоо процессинин жеткиликтүүлүгүн, ачык-айкындуулугун жана баардыгын камтууну жогорулатуу багытындагы маанилүү кадам.Чет өлкөлөрдө добуш берүү да активдүү темп менен жүрүп жатат. Алгач Россия Федерациясынын Ыраакы Чыгышындагы шайлоо участоктору Бишкек убактысынан 6, 5, 4 саатка эрте иштей башташты. Андан соң добуш берүү Чыгыш Азия өлкөлөрүндө – Японияда, Корея Республикасында, Кытайда, Малайзияда жана Монголияда башталды. Бул өлкөлөрдө убакыт айырмасы 2–3 саатты түзөт.

 Айрым өлкөлөрдө участоктор Бишкек убактысынан 3–4, 5–6 саат кеч ачылат, ал эми Түндүк Америка өлкөлөрүндө - 11, 12 жана 14 саатка чейин кеч ачылат.

Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпысынан **4 294 243 жаран** киргизилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/efa8b7b2-476d-454a-9299-72085f99e929.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/3affe833-4589-42a5-945d-4f680a8c3278.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/11/04f6071b-74b2-41fb-ab67-98c59f5a24eb.jpeg)