> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 5 жылда 1 584 майыптыгы бар адам ишке орношту
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/01/kyrghyzstanda-5-zhylda-1-584-maiyptyghy-bar-adam-ishkie-ornoshtu/
- Published: 2025-12-01T10:40:36.000Z
- Updated: 2025-12-01T10:40:36.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**2020-жылдан 2025-жылдын январь-октябрына чейин Кыргызстанда 1 584 майыптуулугу бар жаран ишке орноштурулганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Ведомствонун маалыматына караганда, анын 806сы — аялдар.**

Жылдар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүчө:

- 2020-жылы — 175 адам (80 аял);
- 2021-жылы — 232 адам (109 аял);
- 2022-жылы — 263 адам (151 аял);
- 2023-жылы — 292 адам (158 аял);
- 2024-жылы — 341 адам (178 аял);
- 2025-жылы (10 ай) — 221 адам (129 аял).

Бул чаралар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык интеграциясына жана экономикалык көзкарандысыздыгына өбөлгө түзөт.