> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Талаа районунда топоз эти элге 550 сомдон сатылды
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/02/ak-talaa-raionunda-topoz-eti-elghie-550-somdon-satyldy/
- Published: 2025-12-02T12:47:33.000Z
- Updated: 2025-12-02T12:47:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Нарын облусунун Ак-Талаа районунда топоз эти 550 сомдон сатылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги “Кабар” агенттигине билдирген.** 

Арзандатылган баадагы эт Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы жана Ак-Талаа райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын демилгеси менен калкты социалдык колдоо жана кышкы сезонго даярдык көрүү максатында сатылды.

Иш-чаранын алкагында “Толо-Темир” асыл тукум чарбасы райондун тургундары үчүн топоз жана тайдын этинин 1 килограммын 550 сомдон сунуштады. Бул акция 1-декабрда өткөрүлүп, калкка этти базар баасынан кыйла төмөн баада сатып алууга мүмкүнчүлүк түздү.

Акимчиликтин өкүлдөрүнүн айтымында, бул акция жакынкы күндөрү дагы улантылат.