> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги мектептерде эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/02/bishkiektieghi-miektieptierdie-epidiemiologhiialyk-kozomol-kuchotuldu/
- Published: 2025-12-02T05:23:29.000Z
- Updated: 2025-12-02T05:23:29.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында жалпы билим берүү уюмдары күн сайын көзөмөлдөнүп турат. Зарыл болгон учурда шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору атайын буйрук чыгарып, балдарды карантинге жөнөтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

> Чечимдер жеринде кабыл алынып, тиешелүү кызматтардын өзгөчө көзөмөлүндө болот. Шаардык мэрия ата-энелерди кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууга, балдардын ден соолугуна көңүл бурууга жана курч респиратордук вирустук инфекция же сасык тумоонун белгилери бар балдарды мектепке жөнөтпөөгө чакырат.

Эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат, жана шаар бийлиги балдардын коопсуздугу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирет.