> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кочкордо арзан эт жарманкеси уюштурулууда – баасы 600 сом
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/03/kochkordo-arzan-et-zharmankiesi-uiushturuluuda-baasy-600-som/
- Published: 2025-12-03T06:01:04.000Z
- Updated: 2025-12-03T06:01:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кочкор районунда баалардын өсүү темпин басаңдатуу, социалдык жактан аярлуу жарандарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктогу туруктуулукту сактоо максатында социалдык багыттагы эт жарманкеси өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

> Иш-чара Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы, айыл өкмөттөр жана "Адал-Азык" ЖЧК “Тойбосс” ишканасы менен биргеликте уюштурулган. Жарманкенин алкагында район тургундарына 600 сомдон сапаттуу эт продукциялары сунушталат.

Социалдык колдоого багытталган иш-чара ар аптанын ишемби күндөрү саат 10:00дөн баштап өткөрүлүп, жергиликтүү калк үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздайт.

Дареги: Кочкор районунун борборундагы автобекеттин имараты.

Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тургундарды жарманкеге активдүү катышууга чакырат.