> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Соң-Көл балык чарба" ишканасы 6,5 млн балык уругун инкубацияга жайгаштырды
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/03/son-kol-balyk-charba-ishkanasy-6-5-mln-balyk-urughun-inkubatsiiagha-zhaighashtyrdy/
- Published: 2025-12-03T03:37:28.000Z
- Updated: 2025-12-03T03:38:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Балык өнөр жайы комплекси департаменти 2025-2026-жылдарга карата Кыргызстандын мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын жасалма көбөйтүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул иш-чаралардын алкагындагы кезектеги этап "Соң-Көл балык чарба" мамлекеттик ишканасы тарабынан толук аткарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чара Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын Биология институту тарабынан алдын ала макулдашылып, бекитилген план-прогноздун негизинде ишке ашырылды.

> Маалым болгондой, Кочкор районунун Эпкин айылында жайгашкан инкубация цехинде сига-лудога балыгынын 6 миллион 500 миң даана уругу алынып, атайын инкубациялык Вейс аппараттарына жайгаштырылды. Бул процесс жасалма көбөйтүү технологияларын колдонуу аркылуу балык түрлөрүн сактоого жана алардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Департаменттин айтымында, 2025-2026-жылдарга белгиленген программа өлкөнүн балык чарбасынын биологиялык потенциалын кеңейтүүгө, балык чарбачылык ишканалардын туруктуу иштешин камсыздоого жана экологиялык тең салмактуулукту сактоого багытталган.

Балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү — Кыргызстандын суу ресурстарын рационалдуу пайдалануунун жана экологиялык коопсуздукту камсыздоонун маанилүү бөлүгү. Аталган иштердин жыйынтыгында өлкөнүн суу сактагычтарында жана көлдөрүндө балык санынын олуттуу көбөйүшү күтүлүүдө.