> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сузакта 77 млн сомго мектепке кошумча корпус курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/03/suzakta-77-mln-somgho-miektiepkie-koshumcha-korpus-kurulup-zhatat/
- Published: 2025-12-03T07:22:53.000Z
- Updated: 2025-12-03T07:22:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Ширин айылында №106 мектепке 150 орундуу кошумча окуу корпусу курулуп жатат. Долбоордун жалпы наркы 77 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Бул тууралуу Курулуш, архиктектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.** 

Башкы планга ылайык, жаңы корпус эки кабаттуу болуп, окуу бөлмөлөрү жана спорт залы менен салынды. Имараттын жапы аянты 1480 чарчы метрди түзөт. Курулуш-монтаждоо иштери заманбап талаптарга ылайык аткарылып, окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

> Учурда курулуштун 75%ы бүткөрүлүп, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө иштер графикке ылайык уланууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/2-12.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/5-6.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/6-4.jpeg)