> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЕАЭБде ичүүчү суунун коопсуздугу боюнча жаңы талаптар талкууда
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/05/ieaebdie-ichuuchu-suunun-koopsuzdughu-boiuncha-zhany-talaptar-talkuuda/
- Published: 2025-12-05T03:54:51.000Z
- Updated: 2025-12-05T03:54:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) «Таңгакталган ичүүчү суунун, анын ичинде табигый минералдык суунун коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине № 2 өзгөртүүлөр долбоорун коомдук талкууга койду. Документ ЕАЭБдин расмий порталында жайгаштырылган. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Долбоор төмөнкү жаңыланмаларга багытталган:

- **Маркалоо талаптарын тактоо:** табигый минералдык, табигый жана иштетилген ичүүчү суулардын маркалоосуна кошумча талаптар киргизилет. Ошондой эле таңгакталган сууларды декларациялоо же мамлекеттик каттоодон өткөрүү учурунда маркалоонун шайкештигин ырастоо тартиби такталат.
- **Коопсуздук нормаларын жаңылоо:** ашкана суулары үчүн фториддердин жол берилген деңгээли кайра каралып чыгат, марганец боюнча талаптар такталат. Дарылоо жана дарылоо-ашкана сууларына карата радиациялык коопсуздукту баалоо нормалары жаңыртылат.
- **Редакциялык жана техникалык түзөтүүлөр:** техникалык регламенттеги бир катар дал келбестиктер жана техникалык мүнөздөгү кемчилдиктер жоюлат.

Коомдук талкуу 2026-жылдын **6-мартына** чейин уланат. Долбоор боюнча бардык сунуштар жана сын-пикирлер ушул мөөнөттөн кечиктирбестен Евразия экономикалык комиссиясына жазуу жүзүндө кабыл алынат.