> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Б.Төрөбаев: Азыр ным топтобосок – жазында түшүм аз болот
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/08/b-torobaiev-azyr-nym-toptobosok-zhazynda-tushum-az-bolot/
- Published: 2025-12-08T07:03:42.000Z
- Updated: 2025-12-08T07:03:42.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарды жана фермерлерди күздүк талаа жумуштарына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.** 

Министрдин айтымында, өлкөдө 1 млн 250 миң гектар айдоо жер бар, анын 800 миң гектары — сугат, 400 миң гектары — кайракы жерлер. Бирок күзгө карата жүргүзүлө турган иштер азыр өтө жай жүрүүдө.

Сугат жерлердин ичинен 62,2 миң гектарда гана күздүк айдоо жана себүү иштери аткарылган. Ным топтоо — болгону 16 миң гектарда жүргүзүлгөн. Жалпы 800 миң гектардын 78 миң гектары гана иштелип, бул 10%дан аз. Кайракы 400 миң гектардын 75 миң гектарында гана иштер жүргүзүлгөн — 18%. Министр бул көрсөткүчтөрдү өтө төмөн жана кооптуу деп баалады.

> Бакыт Төрөбаев климаттык шарттардын туруксуздугуна токтолуп, мындай деди: "Жазында жаан-чачын аз болушу мүмкүн. Кар да аз жаашы ыктымал. Андай болсо суу тартыштыгы күчөйт. Азыр ным топтобосок — жазында түшүм аз болот".

Министр дыйкандарды кайракы жерлерде ным топтоо, тоңдурма айдоо жана майда арыктар аркылуу сууну кармоо иштерин тездетүүгө чакырды.

> "Урматтуу дыйкандар! Күздүк талаа жумуштарына жакшылап көңүл бургула! Эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Кыштагы ным — жаздагы түшүм", - деп кайрылды министр.