> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек жана Кипр шаардык инфраструктураны өнүктүрүүнү талкуулашты
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/08/bishkiek-zhana-kipr-shaardyk-infrastrukturany-onukturuunu-talkuulashty/
- Published: 2025-12-08T11:14:30.000Z
- Updated: 2025-12-08T11:14:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаардык муниципалитетинин жыйындар залында мэрдин орун басары Рамиз Алиев менен Кипр Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кипрос Гиоргаллистин жолугушуусу болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.** 

> Жолугушуунун максаты — шаарды өнүктүрүү, жол кыймылын башкаруу, ошондой эле коопсуз жана натыйжалуу транспорттук инфраструктураны камсыздоо боюнча кызматташууну талкуулоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар шаардык чөйрөнү өнүктүрүүдөн тартып транспорттук коопсуздукту жогорулатууга чейин реалдуу кызматташуу багыттарын аныкташты.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт артканын билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/2-28.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/3-25.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/4-19.jpeg)