> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Искра айылында жаңы парк курулат
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/08/iskra-aiylynda-zhany-park-kurulat/
- Published: 2025-12-08T11:45:07.000Z
- Updated: 2025-12-08T11:45:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан жаңы эс алуу паркынын долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, жаңы парк Чүй районунун Биримдик айыл аймагына караштуу Искра айылында курулууда. 

Долбоорго ылайык, жаңы парк жергиликтүү тургундар үчүн сейилдөөгө ылайыкталып, эс алууга ыңгайлуу, коопсуз жана жеткиликтүү аймак түзүлөт. Объектинин курулушу райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып жатат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/587700383_18087748649068772_5432020427638981011_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/574444940_18087748667068772_2503829524751329595_n.jpg)