> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 9-декабрь – коррупция менен күрѳшүүнүн эл аралык күнү
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/09/9-diekabr-korruptsiia-mienien-kurfshunun-el-aralyk-kunu/
- Published: 2025-12-09T09:40:49.000Z
- Updated: 2025-12-09T10:02:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Жыл сайын 9-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан жарыяланган Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү белгиленет. 2003-жылдын 31-октябрында БУУнун Башкы Ассамблеясы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясын кабыл алган.

Бүгүнкү күндө 190 өлкө коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жоопкерчиликтүү башкаруунун, отчеттуулуктун жана эл аралык милдеттенмелерди так сактоонун маанилүүлүгүн ырастоо менен Конвенцияны ратификациялаган.

Бүгүн бул маанилүү датага байланыштуу ИИМдин расмий баракчасы аркылуу КРнын Ички иштер министри Улан Ниязбековдун билдирүүсү жарыяланды. 

> Анда ал: *Коррупция- бул мамлекетке чыккынчылык кылуу. Мыйзамды бузган ар бир кызматкер, анын кызмат ордуна, наамына же байланыштарына карабастан, жоопкерчиликке тартылат –* деп белгилеген.

Ошондой эле билдирүүдө, коррупциялык көрүнүштөр - демократиялык институттардын негиздерин бузуп, мыйзамдын үстөмдүк принцибин талкалап, бюрократиялык тоскоолдуктарды түзөөрү маалымдалган.

0:00 

/1:22 

1×