> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# К. Ташиев: "Менин кудагыйым УКМКнын СИЗОсунда отурат"
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/10/k-tashiiev-mienin-kudaghyiym-ukmknyn-sizosunda-oturat/
- Published: 2025-12-10T12:08:22.000Z
- Updated: 2025-12-10T12:08:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, Саясат

**МинКаб төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион-ТВ" телеканалына берген маегинде кудагыйы (агасынын баласынын кайын энеси) учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып турганын билдирди.**

Анын айтымында, ал аял 2022–2023-жылдары жасалган кылмыштарга шектелип жатат.

"Мага туугандар аркылуу, анын ичинде агам да, жээним да кайрылышты. Бирок мен эч кимге жол берген жокмун. Ал (кудагыйым) отурат, мыйзам чегинде жазасын алат. Эгер ушундай болбосо, башка адамдар мага ишенбей калышат", — деди Ташиев.