> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Б.Төрөбаев: Өлкөдө 668 социалдык объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/12/b-torobaiev-olkodo-668-sotsialdyk-obiekttie-kurulush-zhana-ondoo-ishtieri-zhuruudo/
- Published: 2025-12-12T10:26:57.000Z
- Updated: 2025-12-12T10:26:57.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кара-Суу районундагы Пахтачылык станциясынын имаратынын ачылышында өлкөнүн реалдуу секторундагы иштер боюнча маалымат берди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

> Министрдин айтымында, 2025-жылы өлкө боюнча 1 478 км жол курулуп жана капиталдык оңдолду, бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп. Ошондой эле өлкөнүн аймагында 668 социалдык объектте иштер жүрүүдө: алардын 426сы жаңыдан курулуп, 211и капиталдык оңдоодон өттү, дагы 31 объекттин долбоордук-сметалык документтери даярдалууда.

Бакыт Төрөбаев мындан тышкары “Камбар-Ата ГЭС-1”, “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу жана ири тоннелдер сыяктуу улуттук масштабдагы долбоорлор активдүү стадияга өткөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул долбоорлор өлкөнүн энергетикалык жана транспорттук коопсуздугун чыңдоого багытталган.