> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# БШК: Шайлоодо жеңип чыккан талапкерлер 739,2 млн сом сарпташты
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/12/bshk-shailoodo-zhienip-chykkan-talapkierlier-739-2-mln-som-sarptashty/
- Published: 2025-12-12T06:16:10.000Z
- Updated: 2025-12-12T06:16:10.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2025-жылдын 30-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгы боюнча талапкерлердин жана "Ынтымак" партиясынын шайлоо фонддоруна түшкөн жана сарпталган каражаттар тууралуу маалымат берди.**

> Маалымат жыйынтыктоочу финансылык отчеттордун негизинде даярдалган. Шайлоочулардын эң көп добушун алган 87 талапкердин (анын ичинде "Ынтымак" партиясынын 3 өкүлү) атайын эсептерине жалпы 739 188 078 сом түшкөн. Бул сумма шайлоо өнөктүгү учурунда толугу менен сарпталган жана эсептерде каражат калган эмес.

Ревизорлор талапкерлер жана партия финансылык отчетторун Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бардык нормаларына ылайык тапшырганын, шайлоо фонддоруна каражаттын түшүүсү жана сарпталышы боюнча чектөөлөр сакталганын тастыкташты. Бардык чыгымдар банктын көчүрмөлөрү, келишимдер, актылар, эсеп-фактуралар менен коштолгон.

> Учурда калган 373 талапкердин финансылык отчетторун текшерүү улантылууда. Эгерде кагаз жана электрондук версияларда айырмачылык болсо, артыкчылык кол коюлуп тастыкталган кагаз түрүндөгү отчетко берилет.