> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда туристтик жайгаштыруунун алгачкы эксперттери даярдалды
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/12/kyrghyzstanda-turisttik-zhaighashtyruunun-alghachky-ekspierttieri-daiardaldy/
- Published: 2025-12-12T09:10:24.000Z
- Updated: 2025-12-12T09:10:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкекте туристтик тармак үчүн Жайгаштыруу каражаттарын классификациялоо мамлекеттик системасы (ЖКМС) боюнча алгачкы эксперттерди даярдоо программасы аяктады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.**

Окутуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Туризм департаменти жана Туризмди өнүктүрүү фонду тарабынан, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен уюштурулду.

> Программага тандалып алынган 17 катышуучу мейманканаларды, конок үйлөрдү жана боз үйлөрдү классификациялоонун принциптери менен таанышып, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүштү. Акыркы этапта экзамен өтүп, ийгиликтүү чыккандар стажировкага жана сертификацияга жолдомо алышат.

Туризм департаментинин маалыматы боюнча ЖКМС рынокту башкарууга ыңгайлуу кылып, туристтерге кызмат сапаты тууралуу ишенимдүү маалымат берет. Система объекттерди стандарттарга ылайык баалап, тармактын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөк көрсөтөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/01.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/03.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/04.png)