> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Райондордо ветеринардык биокаражаттар үчүн жаңы муздаткычтар орнотулду
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/12/raiondordo-vietierinardyk-biokarazhattar-uchun-zhany-muzdatkychtar-ornotuldu/
- Published: 2025-12-12T08:13:19.000Z
- Updated: 2025-12-12T08:13:19.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган ветеринардык биокаражаттарды талаптагыдай шартта сактоо максатында бардык райондук жана шаардык башкармалыктар үчүн атайын муздаткыч жабдыктарын сатып алды.**

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, учурда жабдыктарды региондорго жеткирүү жана орнотуу иштери активдүү жүрүп жатат. Бул чара ветеринардык биокаражаттарды коопсуз, сапаттуу жана тиешелүү стандарттарга ылайык сактоого мүмкүнчүлүк түзүп, ветеринардык кызматтын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга чоң салым кошот.

> Жаңы муздаткыч жабдыктарын пайдалануу менен мал ооруларынын алдын алуу, дары-дармек жана вакцина ресурстарынын сапатын сактоо боюнча иштер дагы натыйжалуу жүргүзүлөт. Натыйжада өлкөнүн мал чарбасын коргоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт.