> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы Яндекс Go жана анын өнөктөш-парктары менен айдоочуларынын кирешеси 22 млрд сомдон ашты
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/15/2025-zhyly-iandieks-go-zhana-anyn-onoktosh-parktary-mienien-aidoochularynyn-kirieshiesi-22-mlrd-somdon-ashty/
- Published: 2025-12-15T03:53:55.000Z
- Updated: 2025-12-15T04:12:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Сервистин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 11 айында Яндекс Go аркылуу аткарылган буйрутмалардан өнөктөш-парктар жана алардын айдоочуларынын жалпы кирешеси 22 млрд сомдон ашты же болжол менен 250 млн $ түздү. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35%га көп.**

Бул Яндекс Go сервисинин өнөктөш-парктардын жана алардын айдоочуларынын сый акысын (комиссиясын) алып салгандан кийинки жол жүрүүдөн тапкан кирешесинин суммасын камтыйт.

2025-жылдын январь–ноябрь айларында Яндекс Go сервисинде иштеген айдоочулардын саатына тапкан орточо кирешеси Кыргызстан боюнча 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу **9%га** өскөн. Сервистин 2025-жылдын ноябрь айына карата маалыматына ылайык, өлкө боюнча Яндекс Go аркылуу **күнүнө 8 сааттан, айына 22 күн линияга чыккан шартта** \- жол жүрүүнү аткарган айдоочунун орточо айлык кирешеси **85 миң** сомдун тегерегинде болду.