> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта ири өлчөмдө баңгизат каражатын сактап жүргөн жаран кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/15/talasta-iri-olchomdo-banghizat-karazhatyn-saktap-zhurghon-zharan-karmaldy/
- Published: 2025-12-15T11:56:04.000Z
- Updated: 2025-12-15T11:56:04.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Талас ОИИБге Талас облусунун 62 жаштагы тургуну Ч.К. аттуу жаран баңгизатты колдонуп жана өзү жашаган үйүндө сактап жүргөндүгү туураалуу маалымат келип түшкөн. Анын натыйжасында КРнын Кылмыш-жаза кодексинин баңгизат каражаттарын сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо боюнча кылмыш иши козголгон.**

> Тергөөнүн жүрүшүндө, 2025-жылдын 11-декабрында Талас ОИИБдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана ИИМдин Талас облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектүү катары Талас шаарынын 1963-ж.т тургуну Ч.К. кармалды. Талас шаарындагы анын турак-жайын жана короо-сарайларын тинтүү учурда, бангизаттардын марихуана 18288,54 грамм, каннабистин соломасы 4062 грамм, гашиш 1,29 грамм алынган. Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 22 кг, 351 гр түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/---------------------------33--1-1.png)

Шектүүгө карата Талас шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы каралып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.