> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда сугат жерлерди мыйзамсыз ээлөө фактысы аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/15/zhalal-abadda-sughat-zhierlierdi-myizamsyz-eeloo-faktysy-anyktaldy/
- Published: 2025-12-15T07:38:53.000Z
- Updated: 2025-12-15T07:38:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусундагы Мундуз айылынын жашоочулары С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу сугат айдоо жерлерин мыйзамсыз ээлеп, турак-жай курууга аракет кылганы аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы билдирди.**

Аймактык кызмат тарабынан жарандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 Жарлыгынын талаптары эскертилген жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

> Жыйынтыгында, аталган фактылар боюнча материалдар Жалал-Абад ОИИБге өткөрүлүп берилди. Бул иштер жер ресурстарын мыйзамсыз ээлөөдөн коргоо жана айыл чарба жерлерин сактоо багытында жүргүзүлүүдө.