> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Буга чейин эскертүү алган “Дөөлөт курулуштун” өкүлдөрү курулуш министри менен жолугушту
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/16/bugha-chieiin-eskiertuu-alghan-doolot-kurulushtun-okuldoru-kurulush-ministri-mienien-zholughushtu/
- Published: 2025-12-16T11:16:37.000Z
- Updated: 2025-12-16T11:16:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүн, КРнын Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Дөөлөт курулуш” компаниясынын жетекчиси жана компанияга нааразычылык билдирип жаткан үлүш ээлери менен жолугушту.**

> Анын жүрүшүндө, министр “Кудайберген” жана “Шопоков” турак-жай комплекстери боюнча курулуш компаниянын жетекчисине бир катар суроолор менен кайрылып, курулуш иштеринин жүрүшүн тактады.

Ошондой эле үлүш ээлеринин пикирлерин угуп, келерки жумада компаниянын макулдугу менен атайын комиссиянын катышуусунда бардык объектилерди жеке өзү текшерерин билдирди.

Эске салсак, буга чейин Министрлик тарабынан “Дөөлөт курулуш” компаниясына курулуш иштерин жандандыруу жана сапатты камсыз кылуу боюнча эскертүү берилген.