> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Мамлекеттик жетекчилердин кызматкерлерден белек алышына жана корпоратив өткөрүүгө чектөө киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/16/mamliekiettik-zhietiekchilierdin-kyzmatkierlierdien-bieliek-alyshyna-zhana-korporativ-otkoruugho-chiektoo-kirghizildi/
- Published: 2025-12-16T05:33:06.000Z
- Updated: 2025-12-16T05:39:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Жыл сайын мамлекеттик органдар менен министрликтерде жаңы жылдык корпоративдик иш-чаралар өткөрүлүп, айрым учурларда бул иш-чаралар ашыкча чыгымдар менен коштолгону да байкалып келген. Мындан тышкары, кызматкерлер жетекчилерине белек берип, корзина ташып убара болушчу. Мындай пикирди КРнын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.**

> *Анын айтымында, ушундай көрүнүштөрдү эске алып, быйыл *жаңы жылдык корпоративдерге* жана мамлекеттик кызмат жетекчилерин өзүнүн кызматкерлеринен, кол алдындагыларынан баалуу *белектерди алуусуна чектөө* киргизилди.*

Жаңы жылдык корпоративдерге коюлган бул чектөө мамлекеттик органдарга гана тиешелүү. Ал эми балдардын жаңы жылдык майрамдарын чектөөгө болбойт.