> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек шаарынын мэри майыптыгы бар  жарандарды кабыл алып, пикир алмашты
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/18/bishkiek-shaarynyn-meri-maiyptyghy-bar-zharandardy-kabyl-alyp-pikir-almashty/
- Published: 2025-12-18T09:10:32.000Z
- Updated: 2025-12-18T09:10:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

Шаар мэри менен жеке жолугушууга келген жаш спортчу Эрдик Таалайбек уулунун башкы маселеси турак жайдын жоктугу болгон. Анын айтымында реабилитациялык борборлордун алдында спорт залдары түзүлсө мүмкүнчүлүгүү чектелген жарандардын ден соолугун чыңоого өбөлгө түзүлмөк. 

> Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мэр анын маселесин угуп, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын тизмесине киргизүү үчүн документтерди даярдоону сунуштады.

Ал эми Айдана Өмүрбекова шаардык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү жана жумушка орношуу боюнча сунуштарын билдирүү үчүн келген. 

> Мэр ага муниципалитеттен жумуш сунуштап, тиешелүү кызматтарга бул маселени кароону тапшырды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/600267599_1326992462809938_515648441153548393_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/599979348_1326992459476605_692443769655448055_n.jpg)