> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзгөндүн Кеңеш айылына 203 млн сомго мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/18/ozghondun-kieniesh-aiylyna-203-mln-somgho-miektiep-kuruluuda/
- Published: 2025-12-18T08:14:39.000Z
- Updated: 2025-12-18T08:14:39.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кеңеш айылында №43 И.Базаркулов мектебинин жаңы имараты курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.** 

Курулуш иштер республикалык бюджеттен каржыланып, тендердик баасы 203 миллион сомду түзөт. 

> Башкы план боюнча мектеп 275 орунга ылайыкталып, эки кабатуу окуу корпусу спорт залы менен салынат. Объекттин жалы аянты 3518 чарчы метрди түзүп, курулуш-монтаждоо иштери курулуш нормалардын негизинде аткарылууда.

Маалыматка ылайык, эски мектеп 1977-жылы курулган.