> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токмоктогу мунай заводу суюлтулган газ өндүрүүнү пландоодо
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/18/tokmoktoghu-munai-zavodu-suiultulghan-ghaz-onduruunu-plandoodo/
- Published: 2025-12-18T11:48:00.000Z
- Updated: 2025-12-18T11:47:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Токмок шаарындагы "Токмок мунай иштетүү заводу" ЖЧКсы суюлтулган газ өндүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу мэрдин биринчи орун басары Азамат Намазалиевдин аталган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышуусу учурунда белгилүү болду.**

> Завод Токмок шаарынын өнөр жай аймагында 24,6 гектар аянтты ээлейт. Негизги багыты – мунайды кайра иштетүү. Ишкана 2018-жылдан бери чийки заттын туруктуу камсыз болбогондугунан жана анын жогорку баасы өндүрүштү кирешесиз кылгандыгына байланыштуу ишин токтоткон.

Учурда нефтебазаны кайра жандандыруу максатында реконструкциялык иштер жүрүп жатат. Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин болжол менен 100 жаңы жумуш орду түзүлөт.

Маалыматка караганда, заводду толук ишке берүү 2026-жылга пландалууда жана суюлтулган газ өндүрүшүн ишке киргизүү каралууда. Бул Токмоктун өнөр жайын кеңейтүүгө жана энергетикалык секторду өнүктүрүүгө маанилүү кадам болуп саналат.