> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 66 жаңы кайра иштетүүчү ишкана жана 6 соода-логистикалык борбор ачылат
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/18/ysyk-koldo-66-zhany-kaira-ishtietuuchu-ishkana-zhana-6-sooda-loghistikalyk-borbor-achylat/
- Published: 2025-12-18T05:37:16.000Z
- Updated: 2025-12-18T05:37:15.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деңгээлин 25%га жеткирүүнү максат кылып, өлкө боюнча жалпы 385 ишкана ачуу боюнча иш жүргүзүп жатат.**

Ысык-Көл облусунда 6 соода-логистикалык борбор жана 66 кайра иштетүүчү ишкана пландалган. Ишканалар аймактын климаттык жана географиялык өзгөчөлүгүнө ылайык иштейт, продукцияны сактоого, жоготууларды азайтууга жана кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө багытталат. Алар буудай, жашылча-жемиштер, сүт, эт, жүн, май жана тоютту кайра иштетет.

Район жана шаарлар боюнча:

- Ысык-Көл району – 1 СЛБ, 20 ишкана
- Ак-Суу району – 1 СЛБ, 6 ишкана
- Жети-Өгүз району – 2 СЛБ, 15 ишкана
- Тоң району – 1 СЛБ, 6 ишкана
- Түп району – 8 ишкана
- Балыкчы шаары – 1 СЛБ, 3 ишкана
- Каракол шаары – 8 ишкана

> Бул демилге аймактарда жумуш орундарын түзүп, агроөнөр жайдын өнүгүүсүнө шарт түзөт. Министрлик ишкерлерди жана инвесторлорду кызматташууга чакырат.

Суроолор боюнча: 0708 320 820, 0990 559 083.