> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдогу Яндекс Goдо «Комфорт» тарифи пайда болду
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/19/karakoldoghu-iandieks-godo-komfort-tarifi-paida-boldu/
- Published: 2025-12-19T05:58:57.000Z
- Updated: 2025-12-19T08:41:43.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Эми Каракол шаарынын тургундары «Комфорт» тарифи менен жол жүрүүгө буйрутма бере алышат. Бул тарифти тандаганда жогорку класстагы унаалар, мисалы - Hyundai Sonata, Weltmeister EX5, Kia K5, Toyota Camry жана башка автоунаалар буйрутмага келишет. «Комфорт» тарифиндеги айдоочулар кошумча тестирлөөдөн өтүшөт.**

«Комфорт» тарифи боюнча жол жүрүүнүн баасы **36 сомдон башталат.** Мисалы, Каракол автобекетинен (Пржевальский көч. 149) Каракол шаарынын мэриясына чейин (Тыныстанов көч. 21) жол жүрүү болжол менен 73 сомду\* түзөт. Караколдо ошондой эле базалык тариф **«Эконом» да жеткиликтүү**\- ал “А” чекитинен “Б” чекитине чейин тез жана арзан жетүүнү каалагандарга ыңгайлуу.

Бардык каттамдар автоматтык ылдамдыкты жана айдоо стилин көзөмөлдөө сыяктуу заманбап **коопсуздук технологиялары менен жабдылган**. Эгерде система ылдамдыкты жогорулатууну же кооптуу маневрду аныктаса, ал дароо **айдоочуга эскертип**, кырсыктын санын азайтууга жардам берет. Ошондой эле, система күтүүсүз тормоз тебүүнү да көзөмөлдөп, кагылышууларды **аныктайт**. Мындай учурларда операторлор кырдаалды текшерүү үчүн жүргүнчү жана айдоочу менен байланышат.

Тиркемеде колдонуучулар үчүн **"Коопсуздук" бөлүмү жеткиликтүү**, ал жерден тез жардам кызматтары менен байланышып, колдоо кызматына кайрылса же маршрутту жакындары менен бөлүшсө болот. Сервис аркылуу бардык жол жүрүүдө айдоочу жана жүргүнчүлөр **800 000 сомго чейин камсыздандырылат.**

Сервисти колдоно баштоо үчүн, болгону App Store же Google Play аркылуу акысыз Яндекс Go тиркемесин жүктөп алуу жетиштүү.

💡

**\**Кызмат тарабынан эсептелген Комфорт тарифи 2025-жылдын 17-декабрында Каракол шаарындагы автобекеттен (Пржевальск көч, 149) мэрияга (Тыныстанов көч, 21) чейин, күтүү убактысы жана башка акы төлөнүүчү опцияларды кошпогондо, 2 км аралык жана 4 мүнөт убакыт үчүн максималдуу тариф болуп саналат. Баасы таксиге буйрутма берген убакытка жараша өзгөрүшү мүмкүн. Максималдуу тарифтер жөнүндө көбүрөөк маалыматты [taxi.yandex.com](https://taxi.yandex.com/ "https://taxi.yandex.com/"). сайтынан алыңыз.