> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК көмүрдүн баасын жасалма кымбаттатууга жол бербестигин эскертти
- URL: https://im.kg/koom/2025/12/19/ukmk-komurdun-baasyn-zhasalma-kymbattatuugha-zhol-bierbiestighin-eskiertti/
- Published: 2025-12-19T05:39:27.000Z
- Updated: 2025-12-19T05:39:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**УКМК тарабынан, Ош шаарынын жана Ош облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү, «Кыргызкөмүр» ААКнын инвесторлору, отун кампаларынын ээлери, ортомчулар жана сатуучулар менен жыйын өткөрүлдү.**

> *УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жыйында Ош облусунун калкын отун менен камсыздоо боюнча учурдагы түзүлгөн кырдаал жана аймактын жашоочуларынын *нааразычылыгын* жаратып жаткан *көмүрдүн баасы боюнча маселелер* талкууланды.*

Жыйындын катышуучуларына көмүрдүн **баасын жасалма түрдө көтөрүү** аркылуу жарандардын коомдук аң-сезимин манипуляциялоого жол берилбестигин УКМК өкүлдөрү эскертти.

> Өз учурда көмүр казуу менен алектенген ишкерлер күз-кыш мезгилинде аларга **отун базалары үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү** маселесин көтөрүп, уюштуруу жана курулуш иштерин каржылоого даяр экендиктерин билдиришти. Бул маселени чечүү ашыкча чыгымдарды, тактап айтканда **ортомчулук кызматтарды** (көмүр ташуу боюнча) **кыскартуу** менен көмүрдүн баа саясатына таасирин тийгизери айтылды.

КР УКМК көмүрдүн баа саясаты боюнча каралган мыйзам ченемдеринен тышкары **атайылап саботаж жасоо** аракеттери кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/602343931_18072515525583088_5256317962618164957_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/600812255_18072515501583088_164995397278460017_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/12/590916388_18072515510583088_6151868053773334235_n.jpg)